Алайда билим алып жаткан памирлик кыргыздарга окуу китептер берилди

0
404

online Онлайн эфир

Алайда билим алып жаткан памирлик кыргыздар үчүн окуу китептери бөлүндү. Буга чейин жергиликтүү мугалимдер окуу китептеринин эскилигин журналисттерге даттанып чыккан болчу. 

 Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы бүгүн, 25-январь  Алай районуна көчүп келип,  Харыбек Алимсеитов мектебинде сабатсыздыгын жоюп жаткан памирлик кыргыздар үчүн окуу китептери тапшырылгандыгын кабарлады.

“Аркус” жана “Кутаалам” басмаканасы этникалык кыргыздар үчүн 50 даана “Алиппе”, 50 даана “Мекен таануу”, 40 даана “Математика”, кыргыз жана орус тилиндеги 8 китептен турган 10 комплект, кыргыз тилиндеги 10 комплект жомок китептерин жана 30 наамдагы 120 даана көркөм китептерди берген.

Учурда Сары-Могол айыл өкмөтүндөгү мектепте 36 этникалык кыргыз билим алууда.