Жанар Акаев: Разаков элден кечирим сурасын же жумуштан кетсин

0
84
Жанар Акаев вице-премьер-министр Жеңиш Разаковдун кечирим сурашын же отставкага кетишин талап кылды. Бул тууралуу депутат парламенттин отурумунда айтты.

Анын билдирүүсүндө, Жеңиш Разаков Ак үйдүн алдына митингге чыккан баткендиктер акча алды деп айткан.

«Ал ушуну кантип айтты? Эл суукка карабай Баткенден келди, адилеттүү дооматтарды коюшту, аларды угуп коюнун ордуна Разаков алар акча алышты деп айтып жатат. Бул сөздөрү үчүн ал же кечирим сурашы керек же отставкага кетиши керек», — деди Жанар Акаев.

Кечээ Жеңиш Разаков журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, борбор калаадагы митинг акчага уюштурулган деп айтанын ММКлар жазган.

Ал эми Баткен эли, «Чек ара чыры адилеттүү териштирилбей, күнөөсүз балдарды камап койду, вице-премьер-министр Жеңиш Разаков жумушунан кетсин»- деп талап коюшкан.