Кытайдагы вирус бүгүн АКШдан табылды / Үрүмчүдөн келгендер «Манас» аэропортунан текшерилүүдө

0
3565
Кыргызстан Кытайда таркап жаткан жаңы вируска каршы туруу аракетин көрө баштады. Үрүмчүдөн келгендер аэропорттон текшерилүүдө. 

“Манас” аэропортунда Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу Санитардык-карантиндик пункттун кызматкерлери Үрүмчүдөн учуп келгендерди текшерип жатканын мекеме кабарлайт.

Үрүмчү-Бишкек-Үрүмчү каттамы боюнча учак күн сайын учуп турат. Рейстерди кытайлык авиакомпания ишке ашырат.

Кытайда Жаңы жыл майрамы белгиленип жатканына байланыштуу 23-январдан 1-февралга чейин каттамдар убактылуу токтойт.

Соңку эки суткада Кытайда коронавирусту жуктуруп алган 139 адам катталды. Алардын көбү Ухан шаарында. Бүгүн, 22-январда ооругандар АКШда да катталды.

Вируска кабылгандардын жалпы саны 218ге жетти, 4 адам каза болду.

Кытайдагы жаңы вирустан 4 адам каза болду, башка өлкөлөргө да жайылууда