Ак-Бууранын жээгин мыйзамсыз курулуштардан тазалоо иши башталды

0
392
Бүгүн, 21-январь Ак-Буура дарыясынын жээгиндеги мыйзамсыз курулуштарды, тосмолорду алып салуу иштери башталды. Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы Ак-Бууранун боюн мыйзамсыз ээлеп жүргөн жарандарды өз алдынча бошотуп берүүгө чакырат.

Ак-Буура дарыясынын оңдоп-түзөөгө сунушталып жаткан аймагынын узундугу 5400 метрди түзөт. Биринчи этабында 1300 метр, экинчи этабында 1600 метр, үчүнчү этабында оңдоо иштери 2500 метрди түзөт.

Дарыянын жээгин көрктөндүрүү боюнча даярдалып жаткан долбоордо адамдар жүрүүчү жол, веложол, түнкү жарыктандыруу, адамдар өтүүчү көпүрөлөр жана эс алуучу жайлар каралган. Биринчи кезекте дарыянын жээктери таштар менен бекемделет.
Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов Ак-Буура дарыясынын жээгин кыдырып чыгып, көрктөндүрүү, оңдоо, мыйзамсыз курулуштарды алып салуу боюнча тапшырмаларды берген.