Бишкекте автобус айдоочулары электрондук билетке каршы болууда

0
198
Бишкектин мэриясы троллейбустагы төлөм терминалына чапталган сүрөт тууралуу түшүндүрмө берди. Айдоочулар нак акчадан кол жууп калгысы келбегендиги айтылат.

Бүгүн шаардын бардык автобус жана троллейбустарына электрондук түрдөгү жүргүнчү билеттердин эсебин алуучу стационардык валидаторлор коюлду. Ошол эле учурда валидаторду кагаз менен тосуп койгон айдоочунун кылыгы интернет айдыңында кызуу талкуу жаратты.

Сүрөт «Сейчас KG» Телеграмм каналына жарыяланган.

«Кээ бир айдоочуларга нак акчадан кол жууп калуу кыйынга турууда. Кээ бир айдоочулар тарабынан нааразычылык болуп жатат. «Тулпардын» адистери айдоочуларга тренингдерди өтүп, валидаторлорду текшерүү үчүн рейддерди жүргүзүшкөн. Мунун ишке киргендигине аз эле болду, өзүнө тестирлөөнү, окутууну, каталардын үстүндө иштөөнү камтыган долбоор сыноо этабында экендигин унутпайлы», — деп айтылат билдирүүдө.