Кайрымдуу инсандар Жаабарсга эт ташып келүүдө

0
210
Таластан табылып, «Бугу эне» реабилитациялык борборуна өткөрүлүп берилген ак илбирске Бишкектин тургундары жардам көрсөтүп баштады. Бул тууралуу аталган фонддон билдиришти.

«Алина Бекжанова аттуу кыз биздин ак илбирске 9 килограмм эт алып келип берди. Суукта бул белекти жөө алып келиптир», – деп жазды фонддун өкүлдөрү социалдык тармактагы баракчасына.

Мындан тышкары жарандар ак илбирске жардам катары «Бугу эненин» электрондук капчыгына акча которуп жатышат.

Мурдараак бул жаныбарга «Жаабарс» деп ат коюлгандыгы жана акыбалы жакшырып бараткандыгы тууралуу жазганбыз.  Учурда ага уйдун эти, жумшак сөөк берилип жатканы белгилүү.