Таласта колго багылып жаткан аркар реаблитациялык борборго жеткирилди

0
188
Кара-Буурада табылган аркардын козусу бүгүн, 16-январда жаратылышты коргоо эл аралык уюмуна (НАБУга) өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу Биотүрдүүлүктү сактоо жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактар департаменти билдирди.

Анын айтымында, аталган жаныбар туулганына 2 күн болгондо — 2019-жылдын апрель айында Кара-Буура районунун Күйүктү сайынан табылган.

«Ошондон бери үй шартында багылып келген. Бүгүн,16-январь күнү жергиликтүү бийликтин катышуусунда НАБУга (жаныбарларды коргогон эл аралык уюм) тапшырдык. Аркардын баласын реабилитациялык борборго алып кетишти. Азыр аны тоого коё берсек шарттарга көнбөгөн жаныбар жырткычтарга жем болуп калат деген чечим болду», — деди ал.