Президент Дача-Судагы авиакырсыктан жакындарын жоготкон балдар менен жолугушту

0
225
Бүгүн, 16-январда, Президенти Сооронбай Жээнбеков 2017-жылдын 16-январында Чүй облусунун Сокулук районундагы Дача-Су айылында учактын кыйрашынын кесепетинен өз жакындарын жоготкон балдар менен салттуу жолугушуусун өткөрдү.

Мамлекет башчысы Дача-Су айылындагы кырсык кыргыз эли үчүн трагедиялуу окуя болгонун кайгыруу менен белгилеп, көңүл айтты.

Ошону менен бирге, тиешелүү мамлекеттик органдар жана жергиликтүү бийлик тарабынан алардын ар кандай социалдык-тиричилик маселелерин чечүүгө дайым көңүл бурулуп турарына убада берди. .

Президенти менен жолугушууга жакындарынын коштоосунда Жакшылык Шералиев, Султан Абакиров, Элайым Райымкулова, Мирлан Нурланов, Эрлан Шаршенбеков жана Сайкал Карыпбаева келди.

Курман болгондордун жакындары жана туугандары өлкөнүн жогорку жетекчилиги тарабынан көңүл бурулуп, колдоо көрсөтүлүп жаткандыгы үчүн Мамлекет башчысына ыраазычылык билдиришти. Өздөрүнүн жашоо-тиричилигиндеги маселелери жөнүндө айтып беришти.
Жолугушуунун соңунда Сооронбай Жээнбеков балдарга эстеликке белек катары китептерди жана электрондук планшеттерди тапшырды.