Балдар үйүнөн тарбияланган 600 жаран үй алууга кезекте турат

0
80
Социалдык өнүгүү министрлигинин каттоосунда балдар үйлөрүнүн 600 бүтүрүүчүсү үй алууга кезекте турат. Бул тууралуу депутат Гюльшат Асылбаева парламентте билдирди.

«Балдар үйлөрүнөн чыгып, алар көчөдө калууда. Биз өкмөткө канча жолу кат жаздык. Учурда беш гана бала үйлүү болду, аны да «Ас Салам» фонду берди. Биздин өкмөт бул жатта эч нерсе кылган жок», — деди эл өкүлү.

Асылбаева балдар үйлөрүнүн бүтүрүүчүлөрү үчүн үй курууну сунуштаган, бирок ал бюджетке кирген жок.

«Балдар окуп, бутуна турганга чейин жок дегенде жатакана куруу керек», — дейт ал.

Депутат маселени көтөрүп, бир да жолу коңгуроо каккан жок деп Социалдык өнүгүү министрлигин сындады.