Армениянын премьер-министри тергөөгө барып сурак берип атканын «селфиге» тартып жарыялады

0
264
Бүгүн, 15-январь Армениянын премьер-министри Никол Пашинян Тергөө комитетине барып сурак берди. Бул тууралуу ал Facebook баракчасына билдирүү жазган. 

Армениянын тарыхында биринчи жолу учурдагы мамлекет башчы тергөө комитетине келип,тергөөчүнүн суроосуна жооп берип жатат“,- деп жазган.

Премьер-министр сурак башталганга чейин тергөөчүнүн бөлмөсүнөн “селфиге” сүрөткө түшүп жүктөгөн. Өлкө башчы телефондук үн жаздыруу боюнча 2 кылмыш иштин алкагында күбө жана жабырлануучу катары суралган.

Белгилей кетсек, Никол Пашинян селфиге сүрөткө түшүп жүктөп, социалдык тармактарды активдүү колдонгон саясатчы катары белгилүү.

Булак: «Элдик» медиа.