Ош облустук прокурорунун арызы менен Ош шаардык сотунун судьясы иштен кетиши күтүлүүдө

0
269
Жогорку соттун алдындагы дисциплинардык комиссия Ош шаардык сотунун судьясы Айнура Сулайманованы жумушунан четтетүү боюнча сунушту канааттандырды. Бул тууралуу коомдук анализ институтунун расмий сайты жарыялады.

Айнура Сулайманованы жумуштан четтетүүгө Ош облустук прокуратурасынын прокурорунун арызы негиз болгон.

Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү боюнча кылмыш ишти кароодо Ош шаардык сотунун судьясы Айнура Сулайманова соттук-психикалык экспертизанын чечимин күтпөстөн шектүүнү тыкыр көзөмөлдөө менен психикалык ооруканага жайгаштыруу жана кылмыш ишти өндүрүштөн кыскартуу жөнүндө чечим чыгарган.

Ал эми Ош облустук соту анын чечимин жокко чыгарып, кайра тергөөгө жөнөткөн», — деп айтылат маалыматта.

Ош шаардык сотунун судьясы Айнура Сулайманова учурда эмгек өргүүдө.

Бул тууралуу Ош шаардык сотунун басма сөз катчысы Бегзат Осмонкулов билдирди.

Булак: Коом.kg