Көк-Таштын 4 тургуну 1 айга камалды/ Алар кыргыз-тажик чек арасындагы чырды уюштурууга шектелүүдө

0
248
Баткендеги кыргыз-тажик чек ара чырынан соң, Көк-Таш айылынын 4 жараны «Ээнбаштык» беренеси менен кармалып, Кадамжай райондук соту 13-январда аларды 1 ай камакта калтыруу боюнча чечим чыгарган. 

Бул тууралуу Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Дамира Юсупова билдирди.

Андагы маалыматка ылайык, былтыр 18-декабрда Көк-Таш айылынын тургундары менен Тажикстандын Исфара районунун Майский айылынын тургундары урушуп, эки тарап бири-бирине таш ыргытышкан. Натыйжада Көк-Таштын жашоочусунун башына таш тийип, бир машиненин, эки үйдүн чатыры сынган.

Ушул жылдын 11-январында кекенип калган Көк-Таш айылынын жашоочулары жолдон өтүп бараткан Көк-Таш айылынын Дахма участкасынын Назаров көчөсүндө тажик жаранынын «Хундай-Портер» автоунаасын таш менен уруп, эки капталындагы терезелерин талкалап салышкан.

Жогорудагы эки кылмышка катышы же аларды уюштурууга тиешеси бар киши катары Көк-Таш айылынын төрт тургуну кармалды. Аларды суракка алганда экөөнүн жанынан тийиштүү документтери жок ок атуучу курал табылып, соттук экспертиза дайындалган.

13-январда Бишкекте аларды бошотууну талап кылган нааразылык акциясы болуп, пикетке чыккандар бул төрт киши «тажик жарандары уюштурган чагымга каршы турушканы үчүн кармалганын» айтышкан.