Оштун Черемушка кичи районуна жаңы бала бакча курулат

0
226
Ош шаарынын Черемушка кичи районуна жаңы бала бакча курулат. Бул тууралуу  мэр Таалайбек Сарыбашов бүгүн аймактагы имараттар менен таанышуу учурунда билдирди.

Бүгүн, 14-январда калаа башчысы муниципалдык менчиктин карамагындагы 3 кабаттуу шаардык клиникалык ооруканасынын терепия стационарынын мурдагы имаратынан кабар алды.

Имарат 1961-жылы курулуп, оорукана катара иштетилип келген. 2019-жылы шаардык оорукананын жаңы имараты курулгандан кийин терепия стационары көчүрүлүп, имарат мэрияга кайтарылды.

Таанышуунун алкагында калаа башчысы Таалайбек Сарыбашов тийиштүү кызматтарга имараттын абалын текшерүү боюнча атайын комиссия түзүп, изилдеп чыгууну тапшырды.

Комиссия имарат авариялык абалда экендигин аныктаса, анын ордуна заманбап балдар бакчасы курулат.

Имарат авариялык абалда эмес деген чечим кабыл алынса, толук капиталдык оңдоодон өтөт.

2019-жылы шаардын бюджетинен Амир-Темир, Юго-Восток кичи райондоруна жана Жапалактын Арек айылына жаңы бала бакча курула баштаган. Курулуп жаткан бала бакчалар жакынкы айларда пайдаланууга берилет.