Самат Курманкуловдун абалы жакшырууда / Бишкеке алып келүү маселеси каралат

0
363
Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Чүй облусунун БИИБнын башчысы Кой-Таш окуясында башына таш тийип жарадар болгон Самат Курманкуловду Бишкекке алып келүү маселеси февралда каралышы мүмкүндүгүн кабарлады.

Ал Курманкуловдун ден-соолугунун абалында оң жылыштар уланып жатканын белгиледи.

— «Кыязы, февралда караштырабыз. Мен кечээ Курманкулов дарыланып жаткан бөлүмдүн жетекчиси менен сүйлөштүм. Саматтын абалы жакшырып жатканын айтты. Дээрлик өз алдынча басып калыптыр, бирок, баары бир аны жөлөп-таяп турушат. Тамак жейт, эсинде. Бирок, ал толук айыкты деп айтууга али эрте»- деп түшүндүрдү Мадемин Мусаевич.

Эске салсак, Самат Курманкулов 7-августта Кой-Ташта Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча атайын операция маалында башына таш тийип, оор жаракат алган.