Саякаттоого ыңгайлуу өлкөлөр арасында Кыргызстан 80-орунда, 63 мамлекетге визасыз кире алат

0
255
Саякаттоо үчүн ыңгайлуу болгон 199 өлкөнүн арасындагы рейтингде Кыргызстандын паспорту 80-орунду, Казакстан паспорту 67-орунду ээледи.  

Бул тууралуу  казакстандык ММКлар  “Henley & Partners» консалтинг компаниясына шилтеме кылып жазып чыкты.

Чет өлкөлөргө жана аймактарына эркин кирүү боюнча казак паспорту 76 балл алган, башкача айтканда, Казакстандын жараны 76 мамлекетке визасыз кире алат. Ал эми Кыргызстан болсо 80-орунду ээлеген, ошондо 63 мамлекетке визасыз кирүүгө мүмкүнчүлүгү бар. Тажикистан 84-орун, Өзбекстан 85-орун, Түркмөнстан  90-орунда.

Биринчи орунду Япония ээлеген, алар 191 балл алышкан. Бул өлкө ушуну менен үчүнчү жыл катар менен биринчи орунду бербей келет. Андан кийинки 2-орунду  Сингапур (190 балл), 3-орунду Түштүк Корея жана Германия (189 балл) алган.

Россия 118 балл менен 51-орунду ээлеген.  Акыркы орунда Ооганстан калган, алар 26 гана мамлекетке визасыз кире алат.