ОшТВ телерадио компаниясынын директору Керимбек Калыкулов «ЭлТР» МТРКсына башкы директор болуп дайындалды

0
1736
«ОшТВ» телерадио компаниясынын башкы директору Калыкулов Керимбек Акматалиевич «ЭлТР» мамлекеттик телерадио компаниясына башкы директор болуп дайындалды.

Тиешелүү буйрукка Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 13-январда кол койду.

Ал эми «ЭлТР» телерадио берүү компаниясынын мурдагы директору Айбек Мусаев өз арызынын негизинде жумушун тапшырып берген.

Калыкулов Керимбек Акматалиевич 1981-жылы туулган.

Жогорку билимдүү. 3 кыз, 2 уулдун атасы.

Ош мамлекеттик университетинин филология факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган.

Калыкулов Керимбек көп жылдык журналисттик эмгек тажрыйбага ээ.

Алгач Мурда Ош мамлекеттик университетинин «Үмүт» телестудиясынын директору, Ош мамлекеттик университетинин басма сөз кызматынын жетекчиси болгон.

Ошол эле учурда ОшМУнун кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинин кыргыз адабияты кафедрасынын окутуучусу болуп иштеген.

2012-2013-жылы «Ош шамы» гезитинин башкы редактору, «Эркин Тоо» өкмөттүк гезитинин башкы редакторунун Ош облусундагы орун басары,

2013-жылы Ош шаардык мэриясынын коомчулук менен байланыш кызматынын жетекчиси кызматтарын аркалаган.

2014-жылдан бери «Телеканал ОшТВ» ЖЧКсынын башкы директору болуп иштеп келген.