Өзгөндө энесин бычактады деп айыпталган жаран 2 айга камака алынды

0
261
Өзгөндө чоң энесин бычактады деп айыпталган 22 жаштагы жаран Өзгөн райондук соту тарабынан 2 айга камакка алынды.

2019-жылдын 12-декабрында саат 10:00 чамасында Өзгөн районунун Өзгөн шаарынын тургуну 11.08.1997-жылы туулган Жаныбек уулу Эрмек өз ара пикир келишпестиктен чон энеси 01.04.1949-жылы туулган М.Аны ашканадагы бычак менен көкүрөк бөлүгүнө сайып денесине жараат келтирип, белгисиз тарапка иизин жашырып качып кеткен.

Натыйжада М.А денесинен алган жараат боюнча Өзгөн районунун аймактык ооруканасына жеткирилген.

2020-жылдын 10-январь күнү Ош шаарында ыкчам-иликтөө иш чаралары жүргүзүлүп, Өзгөн РИИБдин КМКнын кызматкерлери тарабынан шектүү 22 жаштагы Ж уулу Э кармалып, Өзгөн РИИБдин убактылуу кармоочу жайына (УКЖна) киргизилди.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат. 2020-жылдын 11-январь күнү Өзгөн райондук соту тарабынан баш коргоо чарасы каралып 2 айга камакка алынды.

Өзгөндө чоң энесин бычактап качып кеткен жаран кармалды