Наркы 500 миң долларлык баалуу ташты алып кетип бараткан жаран кармалды

0
336

«Манас» бажысынын кызматкерлери, «Манас» эл аралык аэропортунан жалпы баасы 500 миң АКШ долларына барабар, салмагы 11,6 кг болгон «Кызыл Кордун» табигый ташын алып чыгып бараткан жеринен Кыргызстандын жаранын кармашты. Баалуу ташты ташып бараткан адам аны бажы декларациясынан өткөргөн эмес.Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, материал Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматка (Финансы полициясы) өткөрүлүп берилди.
azattyk.org