Талаада аркандалган 4 малды уурдаган милиция кызматкерлери кармалды

0
298

Ноокат районунда 4 мал уурдаган эки милиция кызматкери кармалды. Бул тууралуу Ош облустук прокуратурасы билдирди.Ушул жылдын 15-сентябрында Ноокат районунун Көк-Жар айыл өкмөтүнүн тургундары Ж.Р., Ш.М., Б.С. жана Б.Ү. райондук ички иштер бөлүмүнө кайрылышып, 11-сентябрга караган түнү аталган айыл өкмөткө караштуу эгин талаасында аркандалган 4 мал (2 уй, 2 торпок) белгисиз адамдар тарабынан уурдалганын билдиришкен. Аталган факт Жазык кодексинин 200-беренесинин (Уурдоо) негизинде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.Тергөөнүн жүрүшүндө, аталган кылмышка шектүү катары Көк-Жар айыл өкмөтүнүнн Жийде айылынын 1996-жылы туулган тургуну М.Ш. жана Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынын 1990-жылы туулган тургуну П.Т. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.Кармалган эки жаран тең Кызыл-Кыя шаардык күзөт бөлүмүнүн аракеттеги милиционерлери болуп саналышат.
turmush.kg