Пакистанда жума намаз учурунда бомба жарылды

0
226

online Онлайн эфир

Пакистандын Кветта шаарындагы жардыруудан полициянын жогорку даражалуу офицери жана дагы 14 киши өлдү. Расмий маалыматка караганда, окуядан 20дай киши жараат алды.

Жума намазы маалында мечитте болгон кол салууну ким уюштурганы азырынча белгисиз.

Кветта — Ооганстан жана Иран менен чектешкен, табигый энергия булактарына бай Балучистан аймагынын борбору. Ал жакта мазхаб аралык тиреш, жикчилдердин жана исламчыл радикал уюмдардын зомбулугунан 2004-жылдан бери миңдеген кишинин өмүрү кыйылды.

7-январда Кветтада өкмөтчүл куралдуу кошуундун машинеси бомбага кабылып, эки аскер окко учкан.

Булак: «Азаттык» басылмасы.