Өзгөндө чоң энесин бычактап качып кеткен жаран кармалды

0
277
Өзгөн шаарында бычакталган аялдын өлүмүнө шектүү кармалды. 10-январь Өзгөн РИИБдин КМКнын кызматкерлери тарабынан шектүү 1997-жылы туулган Ж уулу Э кармалып, Өзгөн РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

2019-жылдын 12-декабрында саат 10:00 чамасында Өзгөн районунун Өзгөн шаарынын тургуну 11.08.1997-жылы туулган Жаныбек уулу Эрмек өз ара пикир келишпестиктен чон энеси 01.04.1949-жылы туулган М.Аны ашканадагы бычак менен көкүрөк бөлүгүнө сайып денесине жараат келтирип, белгисиз тарапка изин жашырып качып кеткен.

Натыйжада М.А денесинен алган жараат боюнча Өзгөн районунун аймактык ооруканасына жеткирилген. Бул факты боюнча жыйналган материалдар 2019-жылдын 12-декабрында Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 266-беренесинин 2-бөлүмүнүн 2-пункту менен Өзгөн РИИБдин Кылмыштардын жана Жоруктардын бирдиктүү реестрине (КЖБРне) катталып сотко чейинки өндүрушкө алынган.

Кылмышка шектүү Ж уулу Э., Россия Федерациясынан 2019-жылдын 9-декабрь күнү келип, Өзгөн шаарындагы үйүнө 11-декабрдан 12-сине караган түнү барган, туугандарына «Мен азыр Россия Федерациясынан келдим, жол кирем жок»-деп жол акысын берүүсүн сурайт.

Туугандары 4000 сом жол киресин берип айдоочуну кетиришет. 2019-жылдын 12-декабрь күнү эрте менен саат 10:00 чамасында Ж уулу Э чоң энесинин үйүн тинтип изденип жаткан жерине М.А кирип келип эмне издеп жатканын сурайт.

Ал Россияда кумар ойноп карыз болгонун айтып акча талап кылат.Чоң энеси өзүндө акча жоктугун кыздарынан сураштырып берерин айткан учурда капысынан бычак менен М.Аны сайып жиберген. Учурда тергөө иштери жүрүп, баш коргоо чарасы каралып жатат.