Кыргыз-тажик чек арасындагы ок атышуу\ Тийиштүү күч түзүмдөрүнүн аракети

0
274

online Онлайн эфир

Кече кечинде, 10-январга караган түнү кыргыз-тажик чек арасында ок атышуу чыккан. Мамлекеттик чек ара кызматы билдирген маалыматка ылайык Тажикстан тараптан майда калибрлүү мергенчилик куралынан бир канча жолу туш келди ок атылган. 

Окуя Тажикстан менен чектеш Баткен районунун Орто-Боз, Жака-Өрүк, Көк-Таш айылдары жана Көчө-Карын аймагында орун алган.

Октон жарадар болгон жаран жок. 2 кыргыз жаранынын унаасына таш ыргытылып талкаланган. Бул факты Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, териштирүү башталган.

Чек арадагы чырга байланыштуу өкмөт башсычы Мухаммедкалый Абылгазиев өлкөнүн күч түзүмдөрүн мамлекеттик чек араны кайтарууну жана коргоону күчөтүү боюнча тапшырма берди.

Ал эми Тажикстан тараптын расмий маалыматы боюнча 9-январь кечки саат 9:30дарда кыргыз жарандары чогулуп алып, Зафар Азамов аттуу тажик жаранынын чек арадан өтүүсүнө тоскоолдук жаратып, унаасына таш ыргыткан. Окуя ушундан башталган.

10-январга караган түнү Кыргызстан тараптан биринчи мергенчилик мылтыгынан 2 ирет ок атылып, андан соң тажик тургундары туш келди ок чыгарып башташканы айтылат.

Тажик тарап ошону менен бирге Кыргызстан тараптан акыркы учурда ок атуулар көбөйүп, бир ирет тажик жаранынын өмүрүнө кооптуу абал жаралганын айткан.

Кыргызстандын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков коңшу өлкөнүн тышкы иштер министри Сироджиддин Мухриддин менен телефон аркылуу сүйлөшүп, чек ара маселесин талкуулоо үчүн жолугушууга чакырган.

Андан тышкары, Тышкы иштер министрлигине Тажикстандын Кыргызстандагы элчиси да чакырылды.