Кытайда дүйнөдөгү эң чоң муз фестивалы башталды/ фоторепортаж

0
162

online Онлайн эфир

Кытайдын түндүк-чыгышында жайгашкан Харбин шаарында жыл сайын өтүүчү эл аралык муз фестивалы 5-январда башталды.

Харбин шаарында жыл сайын дүйнөдөгү эң чоң муз фестивалы өтөт. Быйылкы жылы муз хансарайын тургузуу үчүн 220 миң куб метр муз жана кар колдонулду.

Фестивал 1963-жылы негизделген, бирок бир нече жылдан кийин токтоп калган. 1985-жылы кайрадан ачылып, жыл сайын өтүп келет.

Харбин муз фестивалы 25-февралга чейин уланат.