Тажик тарап «Кулунду — унаа жолу» бекетин бир тараптуу негизде жапты

0
236

Кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесиндеги «Кулунду-унаа жолу» өткөрмө бекети бир тараптуу жабылды. Бул тууралуу КР Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.Чек ара кызматынан билдиришкендей, аталган көзөмөл өткөрмө бекетинен тышкары башка өткөрмө жайлары адаттагыдай иштеп жатат.«Тажик тарап бир тараптуу негизде «Кулунду — унаа жолу» көзөмөл өткөрүү жайында Кыргызстандын жана Тажикстандын жарандарын өткөрүүнү убактылуу токтотту. Бирок бул чектөө башка өлкөлөрдүн жарандарына тиешеси жок», — деп билдиришти Чек ара кызматынан.Белгилей кетсек, эки өлкөнүн мамлекеттик чек ара тилкесинде 5 өткөрмө жайы жайгашкан.