Бишкекте 135 квартира баштапкы төлөмсүз ипотекага берилди

0
415
Бишкекте медицина, билим берүү, маданият жана социалдык тармактын кызматкерлери «Тунгуч» кичирайонундагы жаңы тогуз кабаттуу үйдөн ипотекага батир алышты.

Батирлер баштапкы төлөмсүз, насыянын жылдык үстөгү алты пайыз менен 15 жылга берилди. Турак жай аларга насыя толугу менен төлөнүп бүткөндө гана катталат. Бул көп кабаттуу үйдөгү батирлердин бардыгы бир бөлмөлүү, алардын максималдуу аянты 75 чарчы метр.

135 батирлүү үйдүн ачылышына вице-премьер-министр Замирбек Аскаров катышты. Өкмөттүн басма сөз кызматы тараткан маалымат боюнча, үйгө борбордук жылуулук жана газ жеткирилген.

«Мамлекеттик ипотекалык компания» иштеп баштагандан бери өлкөдө 4 500 киши турак жай алды.