Электр энергиясына карызы барлар жаңы-жыл күнү жарыксыз калуу коркунучунда

0
867
Жаңы жылды карызсыз тосуу — жакшы ырым! «Ошэлектр» ишканасы бардык кыргызстандыктарды электр энергияга болгон эсеп-кысапты алдына ала жүргүзүүгө чакырат.

“Ошэлектр” ААК төлөмдөрдү учур чак менен кабыл алат.

«Quickpay», «Pay24», «UMAI», «Terempay», «KICB», «БТА Банк» төлөм терминалдарынан, ошондой эле «Элсом», «UMAI» электрондук капчыктарынан, «Кыргызпочтасы» МИ, «Айыл Банк», «Дос Кредо Банк», «БТА Банк», «КЫРГЫЗСТАН Коммерциялык Банкы» кассаларынан жүргүзүлгөн электр энергия эсептери тууралуу билдирме “Ошэлектр” ААК маалымат базасына ошол замат түшөт.

Мындан сырткары, электр энергияга болгон төлөмдү жергиликтүү РЭСтердин башкы кеңсесинде жүргүзүүгө болот.

Абоненттерге ыңгайлуу шарт түзүү максатында Тейлөө борбору иш күндөрү тыныгуусуз саат 08:00 дөн 17:00 чейин, ишемби күнү саат 08:00 дөн 12:00 чейин иштейт.

“Акылдуу” эсептегичтерге (ЭКЭАМЧАС эсептегичтери) кошулган жана өз убагында төлөм жүргүзүлбөгөндүгү үчүн дистанциондук түрдө өчүрүлгөн керектөөчүлөрдүн электр жарыгы, төлөм толук жүргүзүлгөнү тууралуу “Ошэлектр” ААКнын маалымат серверине билдирме түшкөн соң электр жарыкка кошулат.

Андан кийин, серверден автоматташтырылган система адамдын катышуусуз абоненттин эсептөө приборуна кошулууга билдирме жөнөтөт.