Экс мэрлердин соту аяктады/Кулматов сот залынан бошотулуп, Ибраимов 15 жылга кесилди

0
242
Ленин райондук сотунда Бишкек шаарынын мурдагы мэрлери Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимовдун иши боюнча соттук териштирүү аяктады.

Албек Ибраимов 15 жылга эркинен ажыратылды. Ал эми Кубанычбек Кулматовго 5 миллион сом айып салынып, залдан бошотулду.

Эске салсак, мамлекеттик айыптоочу Кубанычбек Кулматовду күнөөлүү деп таап, аны 15 жылга эркинен ажыратууну жана мүлкүн конфискациялоону суранган.

Ал эми 4 эпизод боюнча айыпталып жаткан Албек Ибраимовду 20 жылга кесүү сунушталган.