Төлөйкөн айылына алгачкы жолу ичүүчү таза суу чыгарылды

0
100
Ош шаарына караган Төлөйкөн айылына алгачкы жолу ичүүчү таза суу жеткирилди. Тургундар буга чейин каналдан суу ташып ичип келишкен. Учурда 400 м3 болгон суу кампасы курулуп, бүгүн пайдаланууга берилди. 

Негизинен 4 көчөнүн тургундары таза суу менен камсыз болушат.

Жергиликтүү боюджеттин эсебинен жасалган курулуш иштери менен бүгүн премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев таанышып чыкты.

Өкмөт башчы М. Абылгазиев бардык калктуу конуштарды жакынкы жылдары ичүүчү суу менен камсыз кылуу колго алынганын айтып, өлкө башчысынын көзөмөлүндө иштер жүргүзүлүп жатканын билдирди.