Мамкаттоонун башчысы Алмаз Мамбетовдун жасалма номер,жасалма паспорт чуусуна комментарийи

0
188
Мамлекеттик каттоо кызматынын башчысы Алмаз Мамбетов бүгүнкү маалымат жыйында   «Кактус Медиа» маалымат агенттигинин журналисттерин сотко берерин айтты  жана жасалма паспорттор берилип жатат деген маалыматты четке какты

«Мындай жаңылыктарды таратуудан мурда, мага жана менин орун басарымдын жанына келип жүзүбүздү көрүшсө болмок. Биз албетте, «Кактус» менен соттошобуз. Азыр башка маалымат агенттиктерин иликтеп жатабыз. Маалымат Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын көзөмөл жүргүзүү борборунан алынган. Менде далилдер жана фактылар бар. Биз муну ким жасаганын да таптык. Бул кандай максатта жасалганын билбейм. Жакында чындыкты алып чыгабыз», — деди Алмаз Мамбетов

Kaktus media сайты 4-декабрда «редакциянын булактары ал машинени айдап бараткан адам Мамкаттоонун төрагасы Алмаз Мамбетов экенин айтып жатышат. Ал эми жанында отурган келинди анын орун басары Айнура Туйбаева деп таанышты» деп жазган.

«Азаттык» Kaktus media ресурсуна комментарий сурап кайрылганда башкы редактору Дина Маслова ал жерде Мамбетов деп так жазылбаганын, анын аты-жөнү божомол иретинде гана келтирилгенин айткан.

Ошондой эле  Мамбетов жарандарга жасалма паспорт берилип жатат деген маалыматты четке какты.

«Москванын кайсыл бир жеринде жасалма паспортторду берип жатышат деп айтышууда. Жеке мен өзүм андай документтерди көргөн жокмун. Жеке күбөлүктөр сатылып жатат деген кептер бар, укук коргоо органдары териштирсин»,

Эске салсак, Орусиянын шаарларында кыргыз паспорттору коңшу өлкөлөрдүн жарандарына ачык эле сатылып жатат деп Жогорку Кеңештин отурумунда вице-спикер Аида Касымалиева билдирген болчу.