ЖК депутаттары Азимбек Бекназаровдун Малайзияга элчи болушун колдоду

0
200
Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинде Азимбек Бекназаровдун Малайзияга элчиликке талапкерлиги жабык каралып, көпчүлүк добуш менен жактырылгандыгы маалым болду.

Маалыматка ылайык 1 депутат  «каршы», 12си «макул» деп добуш берген.

Азимбек Бекназаров Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси болору жөнүндө кабар октябрдын башында чыккан. Өзү муну бышыктап, кызматты президент Сооронбай Жээнбеков сунуш кылганын айткан.

Бекназаров буга чейин баш прокурор, Жогорку Кеңештин депутаты, Убактылуу Өкмөттө вице-премьер-министр болуп иштеген.