Кыргыз-Тажик чек арасында такталбаган чек аранын айынан кайрадан чыр чыкты

0
387

Бүгүн, 16-декабрда Баткен районунун Көк-Таш айылынын Дахма участкасында кыргыз-тажик чек арасына жакын жердеги жергиликтүү тургундардын ортосунда чыр чыкты. Буга тажик жараны такталбаган чек ара участкасына тосмо тосуп алганы себеп болгон.

Бул тууралуу  жергиликтүү тургундар интернет баракчаларына маалымдашкан.

Мамлекеттик чек ара кызматы берген маалыматка ылайык Кыргызстандын 30-40 чамалуу жараны чогулуп, аталган көрүнүшкө нараазычылыктарын билдиришкен.

Конфликт болгон жерге Кыргызстандын чек ара кызматынын кызматкерлери барып, Тажикстандын жарандарынан такталбаган аймакта ишти токтотууну талап кылган. Бирок, тажик жарандары чек ара кызматкерлеринин талаптарын аткаруудан баш тартышкан.

Учурда кыргыз-тажик чек ара кызматынын өкүлдөрү, Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү жана Тажикстандын Согдий облусунун губернаторунун орун басары менен эки тараптуу сүйлөшүүлөр жүрүүдө.

Кыргыз тарап мамлекеттик чек аранын такталбаган аймактарында ар түрдүү иштерди токтотууну талап кылышууда.