Бишкекте 30 миң пара алып жаткан тергөөчү кармалды

0
318
Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматы тарабынан Бишкек шаарында тергөөчү пара менен кармалды. Бул тууралуу кечээ, 12-декабрда күч түзүмүндөгү булактарына таянып «Элдик» медиа жазып чыкты.

Болжолдуу маалымат боюнча, кызматкер жөө жүргүнчүнү сүзүп кеткен айдоочудан ишти сотко жөнөтпөө үчүн 1000 доллар талап кылган.

«Айдоочу жүргүнчүнүн дарылануусуна кеткен чыгымды, материалдык жана моралдык зыянды төлөп берген. Жабырлануучу тосмо арыз жазган. Бирок кызматкер айдоочу акча бербесе, ишти сото жөнөтөм деп коркуткан», – деди булак.

Тергөөчү 30 миң сом алып жатканда кармалды.