Ак калпак ЮНЕСКОнун маданий мурастар тизмесине кирди

0
812
Кыргыздардын ак калпагын жасоо өнөрү жана кийүү маданияты ЮНЕСКОнун маданий мурастар тизмесине кирди. Бул тууралуу «Кийиз дүйнө» коомдук фонду Instagram баракчасы аркылуу билдирди.

12-декабрь Колумбиянын Богота шаарында ЮНЕСКО уюмунун комитетинин мамлекеттер аралык бейзаттык маданий мурастарды сактоо сессиясы өтүп, ар кыл номинациялар каралган.

ЮНЕСКО — билим берүү, илим жана маданият жаатында иш алып барган БУУнун адистешкен мекемеси. 1992-жылы негизделген. 1997-жылдан тарта жалпы адамзат үчүн баалуу деп эсептелген табигый жана колдон чыккан объектилерди аныктоо боюнча иш жүргүзүп келет. 2003-жылдан баштап уюм ар кыл маданияттын материалдык эмес мурасын сактоо жаатында иш алып барат.

ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастарына «Манас, Семетей, Сейтек» эпикалык үчилтиги, кыргыз-казак элине орток «Айтыш» өнөрү, ала кийиз менен шырдак, Кыргызстан менен Казакстандын атынан боз үй даярдоо боюнча салттуу билим жана ыкмалары, катырма-жупка, Нооруз майрамы жана көк бөрү оюну кирген.

Ал эми ЮНЕСКОнун дүйнөлүк маданият жана жаратылыш мурастары боюнча тизмесине Кыргызстандын атынан кирген жайларга Сулайман-Тоо, Жибек Жолу: Тянь-Шань коридорундагы маршрут (Бурана, Ак-Бешим, Красная Речка), Батыш Тянь-Шань (Сары-Челек, Падыша-Ата, Беш-Арал) кирген.