Бүгүн Бишкекте башкы балатынын оту жанат/ концерттик программа менен

0
377
Бүгүн 13-декабрь 19:00дө Ала-Тоо аянтындагы өлкөнүн башкы балатысынын оту  жанат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.

Шаардыктарга жаңы жылдык концерт, жаңы жылдык ырлардан куралган попурри сунушталат.

Башкы балаты «Айкөл Манас» эстелигинин чыгыш тарабына орнотулган. Кооздоо иштерин «Бишкексвет» жана «Тазалык» ишканалары алып барууда.

Бишкек шаардык мэриясы быйыл жаңы-жылдык жасалгалоо иштерине 7 млн бөлгөндүгүн айткан.