Бишкекте «Биз тумчугуп баратабыз, бизге таза аба керек» деген акция өтүп жатат

0
162
Бүгүн 12-декабрда Бишкекте “Биз тумчугуп баратабыз! Бизге таза аба керек!” деген акция өтөт. Аны уюштуруп жаткан топ өздөрүн чыгармачыл жамаат деп атоодо.

Ала-Тоо аянтында өтө турган акциянын катышуучулары бет кап тагынып чыгат.

Уюштуруучулардын белгилешинче, соңку апталарда Кыргызстанда дем алуу жана жүрөк-кан тамыр органдарынын оорусуна чалдыккандар көбөйгөнү байкалды.

Экологдор эки жылдан бери Кыргызстандын борборунда аба кескин булганганы тууралуу коңгуроо кагып келишет. Бирок кара түтүндү азайтуу боюнча чукул чара көрүлө элек.

27-ноябрда АКШнын Кыргызстандагы элчилиги абанын сапатын текшерген «Airnow» жабдуусун орноткон. Андан алынган маалыматка ылайык, ноябрда Бишкек дүйнөдөгү абасы кир шаарлардын бири деп табылган.