Талгат Алановдун үнү жазылган запись таркады, анын максаты кандай болгон?

0
411
Чек ара кызматындагы көмүскө иштерди айтып чыккан Талгат Аланов чыныгы окуя кандай болгонун айтып берген аудио интернетте таркап кеткен.  

Талган Аланов «Достук», «Эркештам» көзөмөл өткөрүү бекеттеринде чек ара кызматкерлери ишкерлерден 200, 600 доллардан алып жатканын айтып чыккандан кийин, «Достук» чек ара бекетинин жетекчиси иштен кеткен.

Алановдун башкы максаты да ошол болгонун жаңы тараган аудиодон байкоого болот.

«Бир условия койгом, ал условияны аткарышкан жок. Командир менен зам.ды аласың, мени да койбой эле кой, башка бирөөнү кой » -деген талабын угууга  болот.

Бул аудио тууралуу Талган Аланов «Турмуш» басылмасына интервью берип үн өзүнүкү экендигин моюндаган.

«Мени менен Беккулу аттуу адам сүйлөшкөн. Ал төраганын мыйзамсыз иштери жөнүндө видео бар экенин айткан. Аны менен жолугушкам. Ал Кадамжай районунда чек ара кызматында иштеген бала экен. Жумушунан бошотулгандан кийин кайра кызматына баруу үчүн ар кандай аракеттерди көрүп жатыптыр. Ал Мамлекеттик чек ара кызматынын жетекчисинин мыйзамсыз иштерин билем, бирге кызмат сурайбыз деди. Мен аны менен макул болгон жокмун. Ошондуктан ал телефон аркылуу сүйлөшүүнү таратып жатат», — деди Т.Аланов.

Ал эми Беккулу  жогорудагы тасманы сүйлөшүү учурунда жаздырып алгандыгы чындык экенин, «бирок кызмат сурайбыз деген сөз» чындыка дал келбесин айтты.

«Алановго интервьюсун окугандан кийин мен өзүм кайрылганмын. «Азаматсыз, мен да айткым келип жүргөн, материалдар бар, биргеликте мындан аары да күрөшөлү, чек ара кызматындагы былык иштерди аныктайлы»-деп, бирок анын максаты башка экен. Аудиону уккандар түшүнөт!» -деди Беккулу аттуу чек ара кызматынын мурдагы сержанты.

Талгат аланов ошону менен бирге  мамлекеттик чек ара кызматынын жетекчилиги ардагерлерди жөнөтүп, кызмат орундарды сунуштап жатканын, бирок баарын четке кагып жатканын айткан.

Ал эми мамлекеттик чек ара кызматынын коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн улук офицери Асылкерим Ажиев Т.Алановдун айткандарын четке какты.

«Талгат Аланов менен эч кандай сүйлөшүү болгон эмес. Ага эч ким кызмат сунуштаган жок. Анын жалпыга маалымдоо каражаттарына берген маалыматтары жалган экенин дагы бир ирет баса белгилейбиз. Учурда Мамлекеттик чек ара кызматы анын айткандарын иликтеп, эч кандай мыйзамсыз фактылар аныкталбаганын билдирет. Териштирүү иштери уланууда», — деди А.Ажиев.