Чоң-Алай тоолоруна 15 жылдан бери көрүнбөй калган ак илбирс кайтып келди

0
1673
Чон-Алай тоолоруна акыркы 15 жылда көрүнбөй кеткен ак илбирс кайтып келди. Окумуштуулар тоого койгон фото камера бир нече сейрек кездешүүчү жаныбарларды тартып калган. 

Кыргызстандын корука алган аймактарында сейрек кездешүүчү жаныбарлардын түрлөрү көбөйүү жолунда. Бул тууралуу мамлекеттик айлана чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттигинин басма сөз кызматы кабарлайт.

Ак илбирс баштаган сейрек кездешүүчү жаныбарлар жана канаттуулар Чоң-Алай районунун Миң-Теке, Бек-Тосот тоо кыркаларына кыюлган фото-тузака тартылып калган.

Адистер сейрек кездешүүчү жаныбарларды камерага түшүрүү үчүн 8 жерге аппарат орноткон.

Адистер дүйнөдө сейрек кездешүүчү ак илбирстин мекенине кайтып келүүсү биз үчүн чоң жетишкендик дейт.

Мындан аары да жапайы жаныбарларга ынгайлуу шарт түзүп, жергиликтүү элдерге түшүндүрүү иштери уланаарын кошумчалайт.

  • Кадры с фотоловушек, установленных на территории двух общественных объединений Мин Теке и Бек Тосот Чон Алайского района Ошской области.

Булак: Спутник маалымат агенттиги.