WhatsApp тиркемеси кубаттуулукту аз сарптаган «тема» иштеп чыгат

0
161
WhatsApp ойлоп табуучулары Android мобилдик аппаратындагы мессенджердин кубаттуулукту өтө көп талап кылган кемчилигин оңдоорун билдирди. Бул тууралуу TechRadar порталы жазып чыккан. 
Бир ай мурда Google Pixel, Samsung жана OnePlus смартфон колдонуучулары whatsApp мессенджери экрандагы фондун иштеп жаткандыгы үчүн эле 30% кубаттуулук кетиргенине нааразычылык билдиришкен.
Мессенджер WhatsApp
Маалым болгондой келечекте Android-смартфондору үчүн кубаттуулукту аз сарптоочу көлөкө түшүрүлгөн тема (фон) ишке кирет.
Ошону менен бирге 2020-жылдын 1-февралынан тартып  WhatsApp Android 2.3.7 жана iOS 8 операциондук системадагы эски уюлдук телефондордо иштебейт.
WhatsApp тиркемеси — маалымат алмашуу боюнча дүйнөдө эң популярдуу программа. Былтыркы жылдын февраль айындагы маалыматка ылайык аталган мессенджерди жарым миллиард адам колдонот.