Аялдардын арманы же «ала качууга» кабылгандардын баяны

0
231
Бул материал БУУнун өнүктүрүү программасынын колдоосунда «Айкын багыт» коомдук фондунун «Гендердик зомбулук маселелерин чагылдырууда инновациялык медиа форматтар» долбоору менен өнөктөштүктө даярдалды.
Мен жашоомо, классташтарыма таарынычым өтө чоң. Ошолор ала качып берген. Атамдын макулдугу менен отурдум. Өзүмдүн каалоом болбогондон кийин турмуш куруу өтө кыйын болду. Аягы өзүнчө жашаганга алып барды. Азыркы убакта 4 балам менен жалгыз жашап жатам. Ушундай жашоону азыркы кыздарга каалабайт элем. Кыздарыбыз жакшы көргөн жигити менен чогуу балдары менен бактылуу жашоосун каалайт элем. 
Мени ала качып кеткен. 3 күн, 3 түн олтурган жокмун. Бирок атамдын айтуусу боюнча жашап калдым. 9 бир тууган, атасы жок, жесир катын убалы бар деген сөз менен.  Мен бир да аялзатын ала качууну каалабайм. Себеби, биринчи түн мен үчүн зордуктоо болду. Менин жүрөгүмдө так калды. Мен келиниме да, кызыма да мындай окуяны каалабайм!
        ———————————————————————————-
Ала качуу азыркы заманга туура эмес экен. Анткени башыбыздан өткөндө билип жатабыз! Эки жаш бири-бирин түшүнүп, сыйлап, бири-биринин баркына жетсе бул- бакыт да! 
        ———————————————————————————-
             ——————————————————————————-
              ——————————————————————————
                ————————————————————————
Ала качууга каршымын. Мени дагы башка жака ала качып кеткен. Улуу адамдардан жазганып олтуруп калгам. Башка жака да ала качып кетишкен болчу, ал жака олтурбай кайра келгем. Тааныбасам, көрбөсөм отурбайм деп койгом. Ала качуу көп кыздардын бактысын бузат. Көп кыздар ала качуудан жабыркайт. Мен ала качуудан кыйналып келем. 2-жолу ала качкандан көңүлүм калган. Кыргыздын ала качуу салты жоюлса дейм. 
               —————————————————————————
Мени ала качып кетишкен. Өзүмдүн бир тууган агамдын жакын досуна бүлө болдум. Башында бир аз көнө албай кыйналдым. Бирок барган жерим жакшы адамдар болуп чыкты. Мага көңүл бөлүп, колдоп, кемчиликтерими аяп. Кыскасы менин ошол бүлөөгө көнүшүмө алардын салымы чоң. Башында өзүмдүн апам-атамдар, туугандарым мага нааразы болуп,  капа болуп жүрүштү. Азыр болсо өздөрү күбө болуп сүйүнүп олтурушат. Себеби барган жеримен ордуму таптым. Кудайым буюрса жолдошум толук камсыздандырат. Окууму бүтүрүп, окутуп жатат, төркүнүмү сыйлайт. Кыскасы мен жашоомо ыраазымын. Эки баланын эне-атасы болдук. Биз бактылуубуз!