Ошто эшектин этинен чучук жасалып атат деген маалымат тарады

0
205
Интернет баракчаларында «Эшектин этинен чучук жасалууда» деген маалымат тездик менен тарап, коомчулукту убайымга салды.  Айрымдар бул бизнес ЖКнын депутаты Төрөбай Зулпукаровго тиешелүү деп жатышат. 

Социалдык баракчаларда карды жарылган эшектин тасмасы, эшектер багылып жаткан сарайдын тасмасы жана чарага салынган эт, чучуктун сүрөтү таркады. Анын баары өз-өзүнчө тартылган.

 

Тасмада айтылган Мады айылы Кара-Суу районуна караштуу. Журналисттер бүгүн аталган сарайда 1450 эшек багылып жатканына күбө болгон. Анда иштегендер бизнестин башында Кытайлык ишкер тураарын, жыл башынан бери 1000 эшек Кытайга, тирүү экспорттолгондугун айткан.

Эшектин эти кайрадан кызуу талкууда. Жыл башынан бери 1000 эшек экспорттолгон жана учурда ушул сарайда 1450 эшек багылууда. Ишкерлер эшектерди чет өлкөгө тирүү экспорттойбуз деген. Ал эми Ош облустук ИИБнын басма сөз катчысы тасма 2015-жылы тартылгандыгы такталды деди…

Опубликовано Жылдыз Капаровой Понедельник, 9 декабря 2019 г.

Мындан 4 жыл мурун да эшек багып, этин чет өлкөгө экспорттогон ишкерлер бар экендиги айтылган. Бирок бул бизнестин башында ким тураары али күнгө чейин ачыкталбай келет.

Ош облустук ИИБнин басма сөз кызматы иликтөөнүн жыйынтыгында аталган тасма 2015-жылы тартылгандыгы тастыкталгандыгын айтты.

Баса, КРнын мыйзамына ылайык эшектин этин экспортоого эч кандай тоскоолдук жаралбайт.

Бул аралыкта интернет колдонуучулар аталган бизнес ЖКнын депутаты Төрөбай Зулпукаровго тиешелүү деген божомолдорун айтып келет.

Ага жооп иретинде бүгүн депутат Фейзбуктагы өздүк баракчасына жалган жалаа деп жазып чыкты.

Аланайындар мага карата жалган жалааларды кичине токтотуп тургулачы. Баарыбир Жараткандын буйругундай болот. Жетишесиңер…

Опубликовано Торобаем Закир Уулу Воскресенье, 8 декабря 2019 г.

Райондук фито санитардык-эпидемиологиялык кызматы аталган сарайды көзөмөлгө алып тураарын айтып, мында эшек союлбайт деп кепилдик берүүдө.

Бирок, касапкана башка жайда болуусу мүмкүн.

Жергиликтүү эл бул эттер базарда сатылып жатпады бекен деп кабатыр.