Акыркы 2 жылда 11 судья соттолуп, 190у тартип жоопкерчилигине тартылган

0
232
2017-2019-жылдары Тартип комиссиясы 190 судьяны тартип жоопкерчилигине тартуу жөнүндө чечим кабыл алган.

Анын ичинен 14 судьяга сөгүш, ал эми 170 судьяга эскертүү түрүндөгү тартип жазалары берилген.
Башкы прокуратуранын сунуштамалары боюнча 11 судьяны, анын ичинде мурдагы 6 судьяны жана иштеп жаткан 5 судьяны жазык жоопкерчилигине тартууга макулдук берилген.
Бир катар судьялар боюнча Комиссия тарабынан ээлеген кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотуу түрүндөгү чечимдер кабыл алынган.