Кыргыз пейили кыргызга гана таандык, аны жоготуп албайлычы!

0
565
Бул — кыргыздын пейили, кыргызга гана тиешелүү касиет. Ушул касиетти жоготуп баратабызбы дейм да …

Фейзбук колдонуучу Бектемир Төлөндүн баракчасынан көчүрүлдү…

Бүгүн таңкы 7 де жумушка жөнөдүм. Күн суук. Жолмо-жол ар-ар жерде автобус күткөн адамдар. Жекшембиде автобустар аз чыгат эмеспи. «Шлагбаумга чейин машинама батышынча эл алып алайын» деген ойдо жолмо жол токтоп аттым, тереземди түшүрүп «Шлагбаумга чейин. Акысыз» деп кыйкырып коём. Таң калыштуусу — эч ким отурбайт. Аялы да, эркеги да, көтөргөн бөбөгү бар келини да отурбайт.
Бир жерде топ адам туруптур, ошончо адамдан бир эле жаш жигит отурду. Бирөөнүн үйүн ремонттоп жатыптыр. Жолдо келатып тиги жигитке суроо бердим, «эмне себептен эл отурбай жатат? Мен машинам жокто жумушка каттаганда «бирөө жарым алып алса экен» деп тилечүмүн» десем, жигит:
«Ээ байке, азыр элдерде бири бирине болгон ишеним жок. Адамдар бири бирине жөндөн жөн жакшылык кылбай калышты. Баары акыга, акчага кылынган заманда «кантип эле бекерге, акысыз жеткирип койсун» деп ишенишпейт.
Мен кечээ жумуш кийимим менен эле базарга бир курулуш шайманын алайын деп кирип, кайтып келатып улгайган бир аялдын оор баштыгын «аялдамага чейин көтөрүшүп алайын» десем тиги аял мен сумкасын ала каччудай көзү алайып коркуп кетти, «өзум эле көтөрөм, барчы ары» дейт. Кийимим жупуну болгонго ошенттиби, же баштыгында өтө баалуу нерсе бар беле, анысын билбедим. Азыр көчөдө бейтааныш адамга жылмайып карасаң ал шектенип, таң кала карайт. Элдин баары бири бирине ачуулуу карашат. Атам айтып калчу «Илгери бейтааныш өтүп баратса кымызын суна чуркачу» деп» дейт жалгыз жүргүнчүм.

Илгери биз бойдок кезде үч дос тоодо атчан баратсак колоттун ары жагында жалгыз чатыр бар экен, ошол жактан чаң ызгытып эле бир атчан киши бизди көздөй калпагын булгалай чаап келатат. Бизге жакын келип (алтымыш ашкан чокчо сакал киши экен), атынын тизгинин тарта кылып эле атырылып сүйлөдү:
— Тээтиги чатырды көрдүңөрбү?
— Ооба, көрдүк.
— Анан эмнеге кайрылбай өтүп баратасыңар?
Биз бири бирибизди таң кала карадык, «эмнеге кайрылышыбыз керек?» дегенсип.
— Илгертен калган салт, кыргыздар боз үй көрсө сөзсүз кайрылып, даам ооз тийип, суусунун кандырып, аны-муну сүйлөшүп анан сапарын улайт, тарткыла аттын тизгинин,- деп чатырына абышка ээрчитип барды.
Чатырына бардык, кымызга тойдук, байбичеси сүрсүгөн эттен гүлчөтай жасап берди. Бир нече саат отуруп, аны-муну сүйлөшүп отурдук. Биздин эле чер жазылбай тиги абышканын да чери биздикинен бир нече эсе жазылгандай болду. Чөнтөктөргө байбиче жасаган майлуу куруттан толтуруп алып сапарыбызды уладык.

Бул — кыргыздын пейили, кыргызга гана тиешелүү касиет. Ушул касиетти жоготуп баратабызбы дейм да …