«Акнеттин иши» 1 жылда тергелип бүттү/каржылык мыйзам бузуу 1 млрдга жакын

0
377
«Акнет» ишканасы жалпы суммасы 150 000 000 сомду түзгөн салыкты төлөөдөн качуу фактысы менен айыпталып, жетекчиси Кубан Ажимудиновдун үстүнөн иш козголду. Учурда тергөө аяктап сотго өткөрүү алдында. 

Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы маалымдайт.

Маалыматка ылайык экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы «Акнет» ЖЧКсынын жалпы суммасы 616 816 112 ,70 сомду түзгөн салыкты төлөөдөн качкандыгын факты менен аныктаган.

Ушуга эле катар, жалпы суммасы 384 901 130 сомдук акча каражатын кассага киргизбестен мыйзамсыз эсептен чыгаруу менен ээлеп алуу жана коротуу фактысы тергөөдө маалым болгон.

Азыркы учурда «Акнет» ЖЧКсынын президенти К.А. карата кылмыш иши аяктап, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына иликтөө жана андан ары сотко жөнөтүү үчүн жиберилди.

«Акнет» ишканасына байланыштуу кылмыш иши анын акционеринин арызы боюнча козголгон. Арыз ээси компания анын үлүшүн азайтып, дивиденд төлөөдөн баш тартканын, мамлекетке салык жана социалдык төлөмдөрдү аз төлөп жатканын билдирген.

«Акнет» компаниясынын негиздөөчүлөрү катары Кубан Ажимудинов, Аскар Кутанов жана Руслан Абдумажитов деген жарандар катталган. Буга чейин аткаруучу директор болуп келген Руслан Абдумажитов менен Кубан Ажимудиновдун ортосунда үлүш ээлиги жана кирешени бөлүү боюнча келишпестик чыгып 2018-жылы 19-ноябрда Финансы полициясы Руслан Абдумажитовдун арызы боюнча кылмыш ишин козгогон.