Сооронбай Жээнбеков: Соттордо жеке адамдык фактор дагы эле күчүндө

0
404
Бүгүн, 9-декабрь Кыргызстандын сот системасынын 95 жылдыгына белгиленүүдө. Президент Сооронбай Жээнбеков бул тармактагы артыкчылыктар менен кемчиликтерге токтолуп, адилеттүү сот кызматкерлерин куттуктады!  

«Реформаны ишке ашыруу багытында Жогорку соттун, Конституциялык палатанын деңгээлинде жана айрым жергиликтүү соттор тарабынан иш жүргүзүлүп жатат.

Бирок, сот адилеттигинин сапатын жогорулатуу, сотторго ишенимди күчөтүү боюнча иш-аракеттер өтө жай болууда.

Сот реформасын ишке ашыруу үчүн мамлекет жетиштүү акча каражатын бөлүүдө. Сот системасынын ачыктыгын, адилеттүүлүгүн камсыз кылуу максатында санарип технологиясы кирүүдө. Материалдык база жакшырууда.

Бирок, реформаны алдыга жылдырайын деген демилге, аракет байкалбайт.

Соттордо жеке адамдык фактор дагы эле күчүндө.

Албетте, араңарда адилет судьялар аз эмес.

Бирок, Мыйзам жана Кудайдан коркуп, баарыңар тегиз абийирдүү болуп кетти деп айта албайм. Мына ушул адам фактору жоюлмайынча, соттордун ичи тазармайынча, сот системасын каржылоону канчалык көбөйтпөйлү, материалдык базасын канчалык оңдобойлу, сот реформасы ийгиликке жетишпейт.

Ошондуктан эски көз караштардан арылып, башталган реформаларды аягына чыгаруу үчүн абийир сотунун алдында таза болушуңар керек.

Ошондо жалпы сот системасынын аброю өсөт. Чет элдик инвесторлордун өлкөбүзгө деген ишеними артат.

Дүйнөлүк коомчулукта Кыргызстандын аброю сот системасынын тазалыгы менен өлчөнөөрүн эсиңерден чыгарбагыла.

Баарыңыздарды кесиптик майрамыңыздар менен дагы бир ирет куттуктайм.

Ар бириңиздерге ден соолук, бактылуу турмуш, ишиңиздерге ийгилик каалайм.

Элибизде ар дайым ынтымак, жергебизде дайыма тынчтык болсун!»-деди өлкө башчысы.