Disney компаниясы кыргыз жигиттер тартылган «Мулан» тасмасынын трейлерин чыгарды

0
932
Disney компаниясы YouTube каналындагы расмий баракчасына мультфильмдин негизинде тартылган “Мулан” тасмасынын жаңы трейлерин жарыялады.

Фильмде кытайлык Хуа Мулан аттуу боорукер кыздын тагдыры баяндалат.

Тасманын режиссеру — Ники Каро. Хуа Муландын ролун Лю Ифэй аткарган. Ал эми императордун ролунда — Жет Ли.

Мультипликациялык тасмага кыргызстандык Эрлан Жанышбек уулу, Мурат Бурханов, Дамир Ашимов жана Нургазы Мамаражап уулу тартылган. Алар бул тасмага Жайдарбек Кунгужинов жетектеген Кыргызстан менен Казакстандын Nomad Stunts каскадерлор тобунун арты менен тартылган.