Эртең Ош шаарынын төмөндөгү көчөлөрүндө электр энергиясы өчөт/тизме

0
597
7- декабрь күнү  Ош шаарында  саат 9:00-16:00 чейин төмөндөгү даректерде электр энергиясы убактылуу өчүрүлөт.

Ош шаарынын Фрунзенский, Араванский, Эс Элуу Үйү, ОшПВЭС, Шаардык Мончо, Макаренко кичи райондорунда жана Масалиев проспектисинде, Шакиров көчөсүндө электрэнергиясы өчүрүлөт.

Себеби Ош шаарынын электрэнергиясынын сапатын жогорулатуу максатында «Улуттук электр тармактар» ААКун Ош жогорку чыңалуу мекемесинин 110/35/10-6кВ «Центр» көмөк чордонундагы Т-2 күч трансформаторун алмаштыруу иштери жана Т-3 трансформаторун орнотуу иштери жүрүп жатат.

Убактылуу ыңгайсыздыктар үчүн «Ошэлектр» жана «Улуттук электр тармактар» ачык акционердик коомдору кечирим сурайт.