Ошто Сириядагы террордук уюмга мүчө делген 3 адам кармалды

0
227
Ош облусунда Сириядагы террордук уюмга мүчө болгон 3 адам сот жообуна тартылды. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.

Ош ОИИБдин мыйзамсыз миграцияга жана экстремизмге каршы күрөшүү кызматы тарабынан 2014-жылдан бери Сирияга барып, согуштук аракеттерге катышып келген террордук уюмдун 3 мүчөсү кармалган.

Маалыматка караганда, Кара-Суу районунун Кашкар-Кыштак айылынын 1993-жылы туулган тургуну И.А. 2014-жылы 5-сентябрь күнү Түркия мамлекетине учуп барып, андан ары эл аралык террордук уюмдун мүчөсү С.М. аттуу жарандын чакыруусу менен Сирия мамлекетинин Идлип шаарына барып, «Таухид валь-Жихад» террордук уюмуна кошулган.

Аталган факт 2016-жылы 22-июнь күнү Ош ОИИБ тарабынан кылмыштарды каттоо китепчесине катталып, Ош ОИИБдин тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин (эски кодекс) 375-беренесинин (Жалданмачылык) жана 299-беренесинин (Улуттук (этностор аралык), расалык, диний же регион аралык кастыкты козутуу) негизинде кылмыш иши козголгон.

Шектүү 2017-жылы 11-февралда эл аралык издөөгө жарыяланган.

1993-жылы туулган И.А. ИИМдин ыкчам маалыматынын негизинде Түркия мамлекетинин полициясы тарабынан 2018-жылдын сентябрь айында Түркиянын Хатай шаарында кармалып, ушул жылдын 5-мартында Кыргызстанга алынып келинген.

9-апрелде Ош шаардык сотунда И.А.нын бөгөт коюу чарасы каралып, 1 айга камакка алынган. Андан кийин Ош шаардык сотунун чечими менен 12 жылга күчөтүлгөн тартипте эркинен ажыратылган.

Мындан сырткары ушул жылдын 9-февралында Ош шаарынын 1994-жылы туулган тургуну Р. уулу Р. жана анын 1970-жылы туулган апасы Т.Д.

2017-жылы апрель айында Сириядагы согушка катышып, ал жерден террористтик уюмдун лагеринде атайын согуштук, террордук даярдыктан өтүшүп, «Жабал аль-Ислам» террористтик уюмунун катарында Сирия өкмөтүнүн куралдуу күчтөрүнө каршы согушка катышып, кайра Кыргызстанга кайтып келишкенде кармалышкан.

Аталган факт Жазык кодексинин 243-беренесинин негизинде ушул жылдын 9-февралында Ош ОИИБ тарабынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестирине катталган. Материалдар УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкармалыгына өткөрүлүп берилген.

Р. уулу Р. жана анын апасы Т.Д.нын кылмыш иши Ош шаардык сотунда каралып, Р. уулу Р. 11 жылга, Т.Д. 3 жылга эркинен ажыратылган.

Булак: «Турмуш» басылмасы.