К. Исаков: Коррупциянын эң чоң душманы- айкындуулук

0
608
Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков ЖОЖдор арасындагы коррупцияны жоюу багытында тегерек стол өткөрдү. Министр келечекте тейлөө кызматын жакшыртып, адам факторун азайтуу планы менен бөлүштү.

Каныбек Исаков министрликтин системасындагы коррупциялык тобокелдиктердин жана коррупциогендик тобокелчилик бар кызмат орундарынын тизмеги түзүлгөнүн айтып, коррупциянын алдын алуу боюнча жасала турган жумуштардын планын тааныштырды.

Министр эң оболу коррупцияга каршы күрөш жүргүзүүнү коррупциялык чөйрөнү жок кылуу, кызмат көрсөтүүдөгү бардык процесстерди автоматташтырып, адам факторун жоюу аркылуу баштоо максаттуу экенин белгиледи. Бул үчүн санариптик трансформациялоо концепциясын ишке ашыруу боюнча «Түндүк» электрондук ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасына (ЭВӨС) кошулууну камсыздоо керек.

Бүгүнкү күндөгү коомдогу терс пикирлерди азайтып, реалдуу күрөш жүргүзүү үчүн ординардык эмес чечимдер талап кылынаарын айтмакчымын. Коррупциянын эң чоң душманы — бул айкындуулук, ачыктык, ошондуктан колдон келишинче бардык процесстерди автоматташтырып, жылчыктардын баарын жаап салышыбыз керек. Албетте, коомчулуктун пикири, жарандык көзөмөл эң негизги каражат жана жардам. Сиздер менен тыгыз кызматташтыкта гана бул жумуштардын өтөсүнө чыга алабыз”,-деди Исаков.

Иш чара «Коррупция көйгөйлөрүн жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди адалдоону изилдөө Борбор Азия институту» коомдук фонду, Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан уюштурулду.