Өзгөндө ат уурдаган жаран кармалды, мурда соттолгон, башка фактылар изилденүүдө

0
320
Өзгөн РИИБнин кызматкерлери тарабынан мал уурулукка шектүү катары ошол айылдын тургуну 1983-жылы туулган О.у.Б кармалды.
Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады.

11.11.2019-жылы Өзгөн районунун Ийрек айылынын тургуну 1954-жылы туулган Т.А. аттуу жаран арыз менен кайрылган.

2019-жылы 11-ноябрь күнү саат 09:30 чамасында Өзгөн районунун Жылалды айыл аймагынын Прогрес айылында жайгашкан мал базардын ичинде бир баш кара түстөгү жылкысын белгисиз атуулдар уурдап кеткен.

Натыйжада Т.А. аттуу жаранга 80 000 (сексен миң) сомдук олуттуу өлчөмдөгү материалдык жактан зыян келтирген. Учурда Жазык Кодексинин 200-беренеси ( уурулук) боюнча кылмыш иши козголуп тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Мындан башка да кылмыштарга катышы бар жогу такталууда. Уурдалган жылкы далил буюм катары алынды. Бул жаран мурда да эки ирет мал уурулук менен соттолгондугу белгилүү болду.