Ошго мыйзамсыз ташылып келген 825 500 сомдук эшиктер кармалды

0
154
Ошто ЕАЭБдин аймагына мыйзамсыз ташылып келе жаткан 825 500 жыгачтан жасалган эшиктер кармалды. Бул тууралуу бажы кызматы маалымдайт. 

Ош облусунунда ЕАЭБдин бажы аймагына мыйзамсыз ташылып келген товарларга карата өткөн «Вольво» авто унаасы «Шмитц» чиркегичи менен токтотулуп, текшерилгенде андан  жалпы салмагы 4090 кг болгон 138 даана жыгач эшиктер табылган.

Бирок, ЕАЭБ аймагына алып кирүүгө бир дагы уруксат кагазы болгон эмес.

Кармалган товардын жалпы наркы 825 500 сомду түзөт.

Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, матералдар тергөөгө караштуулугу боюнча өткөрүлүп берилди.